08:30, 17 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берет. Ошондой эле БШК депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерди тапшырат.
Белгилей кетсек, Боршайком 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алган. Анын 58и эркек, 29у аял.
№ 13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды.