UFC рейтинги: Валентина Шевченко 2025-жылдын аягына чейин биринчи орунда турат

08:00, 17 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 2025-жылдын аягына чейин Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) уюмунун рейтингинде биринчи орунда турат

Фото UFC . Валентина Шевченко
Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) уюму аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченко 2025-жылды фунт-фунт рейтингинин лидери катары аяктайт. Бул тууралуу аталган спорттук уюмдун сайтында жазылууда.

Ноябрь айында кыргызстандык Нью-Йоркто өткөн UFC 322 турниринде кытайлык Вэйли Чжанды жеңген.

Эркектер арасындагы рейтингде орусиялык Ислам Махачев алдыңкы орунда турат.