08:30, 16 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Ж.Пудовкин — Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде 16-декабрь күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көчөдө Д-100 мм болгон объектти туташтыруу иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт. Мында «Орто-Сай» базарында жана бир катар үйлөрдө суу жок болот.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекемелерди жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.