23:09, 15 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов салтанаттуу түрдө жандырды.
Салтанатта жаңы жылга расмий старт берилип, борбор калаанын тургундарына жана меймандарга жомоктогудай жаңы жылдык маанай тартууланды. Аба ырайынын сууктугуна карабастан, Бишкектин борбордук аянты элге жык толгон.
Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзүндө муниципалитеттин жетишкендиктери жана шаардын өнүгүшү, өзгөрүшү жөнүндө айтып берди.
«Балатынын символикалык түрдө күйгүзүлүшү бизге өлкөнүн борборунда жаркыраган жана жагымдуу мейкиндикти түзүүнүн маанилүүлүгүн эскертет. Бул майрам ар кандай курактагы тургундарды бириктирип, кичи мекенибизге болгон камкордукту жана сүйүүнү шыктандырат», — деп баса белгиледи мэр.
Ал муниципалитет шаардык долбоорлорду ишке ашырууну улантып, ыңгайлуулукка, коопсуздукка жана ресурстарды этияттык менен пайдаланууга басым жасап жатканын кошумчалады. Келе жаткан 2026-жыл — От жылкысы, эркиндикти, күчтү, активдүүлүктү жана жандуу өзгөрүүлөрдү билдирет. Ал келе жаткан жылы борбор калаа жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, динамикалуу өнүгүүнүн жана тайманбас чечимдердин мекенине айланат деп ишенерин билдирди.
Концерттик программа борбор калаанын гимнине айланган «Бишкегим» ыры менен башталды. Аны «Семетей» фольклордук ансамбли аткарды. Кеченин эң жаркын жылдызы азиз жана начар көргөн балдар үчүн жатак мектептин окуучусу Насыйкат Баймырзаева болду. Ал экинчи татаал көз операциясына даярданып жатат, бирок ошого карабастан, жаш ырчы бишкектиктерди Жаңы жыл менен куттуктаганы келди.
Ачылыш аземинде жарандар келе жаткан жаңы жылдын атмосферасын сезип, үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрүп, майрамдык сүрөттөргө түшүп, ачык асман алдындагы концертти көрүштү.