15:15, 12 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев «Достук» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Мамлекеттик сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.
Ош шаарынын башчысына сыйлыкты аталган өлкөнүн маданият министри Озодбек Назарбеков тапшырган.
Эскерте кетсек, буга чейин Жеңишбек Токторбаев Казакстандын президенти тарабынан сыйланган.