14:15, 12 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Түркмөнстанда Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган «Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечектин кызыкчылыгы үчүн максаттардын биримдиги» аттуу эл аралык форум өтүүдө.
Кечээ, 11-декабрда президент Садыр Жапаров Ашхабадга келип, бүгүн эл аралык форумга катышып жатат. Мамлекет башчысын Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.
Форумга Армения, Ирак, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Сан-Томе жана Принсипинин, Өзбекстандын президенттери, өкмөт башчылар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана башкалар катышууда.