Салык кызматынын жетекчисине эң жогорку атайын наам ыйгарылды

11:05, 12 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Салык кызматынын жетекчисине жогорку атайын наамды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, Алмамбет Шыкмаматовго «Салык кызматынын экинчи рангдагы мамлекеттик кеңешчиси» наамы ыйгарылды.

Фото

Жарлык Конституцияга, Салык кодексине жана «Аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар жөнүндө» мыйзамга ылайык кабыл алынган.

Документ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.