08:00, 12 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы ФИФАнын рейтингинде 142-орунда турат. Эл аралык федерация улуттук курама команда тууралуу маалыматты жаңылады.
2025-жылдын августунан бери биздин оюнчулар үч тепкичке төмөндөдү.
Испания биринчи, АКШ экинчи, Германия үчүнчү. Алдыңкы 10го Англия менен Швеция, Бразилия, Франция, Япония, Түндүк Корея жана Канада кирет. Рейтингге жалпысынан 204 команда кирген.