Манасчылардын чыр-чатагын атайын комиссия иликтейт

12:29, 10 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргыз улуттук «Манас» театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-декабрда социалдык тармактарда Кыргыз улуттук «Манас» театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы айтылган.

Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында министрлик атайын комиссия түздү.

Иликтөө толук бүткөн соң, коомчулукка анын жыйынтыктары боюнча маалымат берилет.