Араван районунда коррупцияга шектелген мурдагы аткаминерлер кармалды
11:29, 10 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун Араван районунда жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоого байланыштуу беш мурдагы мамлекеттик кызматкер кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Кең-Сай массивиндеги жер тилкелерин трансформациялоодо жемкорлукка барышкан деп шектелип, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Айыпталып жаткандар:
Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы. Ал 58 жашта.
Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн 72 жаштагы мурдагы башчысы.
Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин мурдагы жер адиси. Ал 56 жашта.
Нурабад айыл өкмөтүнүн 57 жаштагы мурдагы жер адиси.
Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы адиси. Ал 40 жашта.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы. Шектүүлөр
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн тергөө иштери уланууда.