Бүгүн Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

11:13, 10 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 10:00дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолчулар күнү-түнү иштеп, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолдордун абалы «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө турат.