10:44, 10 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта аймакты караган № 11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү жолдун 76-81-82-чакырымдар аралыгына 6 жерден түшкөн.
Кошумча маалымат берилет.
Учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.