КЫРГЫЗ КОЛ ӨНӨРЧҮСҮ
40 ЖЫЛДАН БЕРИ БУЛГАРЫДАН КЕРЕМЕТТЕР ЖАРАТЫП КЕЛЕТ
анын жасаган ээрлери Путин менен Назарбаевге берилген
Муфтийдин Букардинов — 40 жылдан бери жылкылар үчүн ат жабдыктарын, ээр, жүгөн жана тизгиндерди жасап келе жаткан кыргызстандык колунан көөрү төгүлгөн чебер булгаары устасы. Анын 2017-жылкы эмгектеринин бири Владимир Путинге белекке берилген.
Чебер уста өзүнүн жасаган ээри орус лидеринин колуна түшүп калаарын билбегендигин мойнуна алды. Муфтийдин Букардинов өзү түздөн-түз кардарлар менен иштешпейт, менеджер аркылуу кызматташат. Ал өзүнүн эмгегин интернеттен көрүп, абдан таң калган.

«Мен сүрөттү көрүп, “Бул менин ээрим!” деп ойлодум. Уста ар дайым өз колунан жаралган эмгегин тааныйт», — деди ал.
24.kg басылмасына берген маегинде чебер уста ат жабдыктарын жасоого эмне түрткү болгонун, бул анын өмүрлүк ишине кантип айланганын түшүндүрүп, өзүнүн устаканасын жана эмгектерин көрсөттү.
Үй-бүлөлүк
мурас
Муфтийдин Букардинов 1959-жылы Нарын облусунун Арсы айылында туулган.
Анын үй-бүлөсүндө таланттуу кол өнөрчүлөр чыккан: атасы ат жабдыктарын жасачу, таякеси зергер, ал эми апасы шырдактарды жасаган уз-чебер болгон.
Муфтийдин өз чеберчилигин айкалыштырып, көп жылдар боюу чабандестер үчүн ээр, булгаары капчык, кур жана ат жабдыктарын жасап келет. Мындан тышкары Чокморов лицейинде сабак берип, балдарды тарбиялоого жетишет. Жакында эле кичүү кызын турмушка узатты.

«Атам айылда бригадир болуп иштечү жана ар дайым ат минип жүрчү. Совет доорунда баарынын эле машинасы болгон эмес. Атам ат жабдыктарын өзү жасап алчу. Мен дагы акырындык менен анын тажрыйбасынан үйрөндүм», — деп эскерет Муфтийдин Букардинов.
Анын апасы таланттуу сүрөтчү болгон. Көркөм өнөр колледжинде жана Педагогикалык институтта тогуз жыл окугандан кийин, Муфтийдин бул өнөрдү да өздөштүргөн. Азыр өзүнүн буюм-шаймандары үчүн эскиздерди жаратат. Жылдар боюу ат ээрлери, капчык, кур, ат жапкыч жана зер буюмдардын 500дөн ашык сүрөттөрү чогулган.
Алгачкы
эмгек
Кол өнөрчүнүн биринчи эмгеги кур жасоо болгон. «Мен кичинекей кезимде дүкөндөрдө булгаары курлар сатылчу, бирок аларды эч ким сатып алчу эмес. Себеби кымбат эле. Мен атамды мага булгаары сатып берүүгө көндүрүп, кур жасай баштадым», — деп эскерет Муфтийдин.
Баланын чөнтөгүндө ар дайым ийнелердин топтому жүрчү. Кайда болбосун, дайыма алардан бир нерсе жасап жүргөндүгү эсинен кетпейт. Алгач күмүш шакек жасап, апасына берген. Ал эми сегизинчи класста атка жүгөн жасаган, бирок жаныбар качып кеткен.
Муфтийдин Букардинов тогуз жашынан баштап зергерчиликти окуп — үйрөнө баштаган. Ал төрт жыл боюу сүрөт тартуу жана композиция боюнча билим алып, андан кийин жалаң гана зергерчилик жаатындагы өндүрүштүк окууга өткөн. Кийинчерээк Каракол мамлекеттик университетинин Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азиядагы эң күчтүү делген көркөм-графика факультетине тапшырган. Анын базасы мыкты болгон. Сүрөт тартуу үчүн керектүү нерселердин баары — гипстен жасалган айкелдер жана макеттер Ленинграддан алынып келинген.
Алтын жана
уй алып келген
дипломдук иши
Чебер уста өзүнүн биринчи ээрин 24 жашында дипломдук иши катары жасаган. Ал кезде көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк мектебин аяктап жаткан. Бул ээр токуму СССРдин 60 жылдыгына арналган Эл чарбасынын жетишкендиктер көргөзмө борборунда (ВДНХ) өткөн сынакта жеңишке жеткен. Ал алтын медаль менен сыйланган, ал эми ээрди венгр түркологу — профессор Иштван Конгур Мандоки сатып алган.
Мага эмгегим Эл чарбасынын жетишкендиктер көргөзмө (ВДНХ) сынагында сатылып, 400 сом акчалай сыйлыкка татыктуу болгондугун айтышты. Ал кезде бул көп акча деп эсептелип, уй сатып алууга мүмкүн болчу.

Муфтийдин Букардинов
чебер булгаары устасы
Бир ээрге
Караколдон үй
«Институтта мыкты мугалимдер болгон. Сабактан кийин көп учурда класста калып, иштечүмүн. Мени иштин жыйынтыктар шыктандырып турчу», — деп эскерет уста.
Педагогикалык институтта окуп жүргөндө оор мезгилдер баштан өткөн. Муфтийдин жаңы эле үйлөнүп, ал үй-бүлөсүн кантип багууну ойлонушу керек болчу. Ошондо ал ээр жасап, сатууга чыгарган.
«Мен бир жөнөкөй нерсени жасап, базарга бардым. Элдин акчасы жок болчу. Эч ким ээрге муктаж эмес эле. Жанымда турган карыяны байкадым. Ал кой сатып жаткан бирок анысын да эч ким албай жаткан. Ошондо, биз алмаштырууну чечтик. Карыя ээрди алды, мен койду алдым, кийин аны 90 рублга саттым», — деп эскерет уста.

Ошол эле учурда Муфтийдин касапчы болуп иштөөгө жетишкен. Ал ээр чаап, аны букага же уйга алмаштырып, андан кийин малды союп, бөлүп сатчу. Мунун аркасында дайыма акчасы болгон.
Педагогикалык институтта кесиптештериме кантип акча тапканымды айтып бердим. Алар мени туурап, кой союп, базарга сатып башташты. Ал кезде алмашуу дагы эле бар болчу. Мыкты жасалгаланган ат жабдыктарына, ээр токумдун толук комплекси менен сегиз кой же бир уй алчумун. Ал кезде койлор тооктун баасындай арзан эле.

Муфтийдин Букардинов
чебер булгаары устасы
Бир жолу ал абдан жогорку сапаттагы ээр токуму үчүн эки жылкы алган. Аларды сатып, Караколдон кичинекей жыгач үйлүү болгон. 1995-жылы Муфтийдин дагы бир ээрдин ордуна, Бишкектин жанынан чакан үй сатып алган.
Чабандес үчүн
конструктор:
Ээр эмнеден
турат?
Муфтийдин Букардинов бизди өзүнүн өнөрканасына чакырып, ат жабдыктары кантип жасалаарын этап-этабы менен түшүндүрүп берди.
Ээр бекем жыгачтан жасалып, уй терисинен жасалган жапкыч менен капталып, андан кийин металл, мельхиор же күмүш менен шөкөттөлөт.

Чебер чабандестин ыңгайлуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн басмайыл жана үзөңгүлөрдү жасайт. Бир ээр үчүн Муфтийдин эки-үч териден жасалган калыптар керектелет, анын баасы болжол менен 10 миң сомду түзөт.
Кол өнөрчү узак жана көз майын алган оор эмгектин баалуулугун билет. Анын жөнөкөй эле ээри $2 миң турат. Ал эми жогорку сапаттагы декоративдик-көркөм ээри $10 миң турат. Күмүш жалатылган курлар $2 миң, никел күмүш курлар 15 -16 миң сом, ал эми кадимки булгаары курлар $2 миң турат. Сумкалардын баасы өлчөмүнө жараша 1500 сомдон 3000 сомго чейин болот.

Жакында эле Казакстандын Түркстан облусунда кол өнөрчүлөрдүн арасында сынак өткөрүлүп, анда Муфтийдин Букардинов үчүнчү орунду ээлеп,
$3 миң утуп алган.
Ал сынакка катышкан ээрдин баасы болжол менен 10 миң долларды түзөт. Муфтийдин мындай эмгекти шашылбастан «жети өлчөп, бир кесип» дегендей бир жыл аралыгында бүткөрөт. Жөнөкөй ээрге шашылыш буйрутма болгондо эки ай аралыгында бүтүрө алат.
Мен баарын өзүм жасайм. Жыгачка жана булгаарыга оюу түшүрүү, күмүш менен шөкөттөө сыяктуу нерселердин баарын, башынан аягына чейин эки айдын ичинде жасай алам. Бизде мындай усталар саналуу гана. Айрымдар даяр ээр сатып алып, жөн гана булгаары менен капташат, бирок бул баары бир окшобой калат. Чыныгы ээр жасоо кыйын, анткени баары кемчиликсиз жасалышы керек. Ошондо ал аттын белине басым жасабайт жана чабандеске ыңгайлуу болот. Мында ар бир миллиметр маанилүү болуп саналат.

Муфтийдин Букардинов
чебер булгаары устасы
Өспүрүм кезинде Муфтидиндин атасы ага Жура аттуу ат белек кылган. Ошондон бери ал мыкты чабандес болуп, ээрдин туура формасын жана жылкынын жонун жоорутпагыдай жайлуу, ыңгайлуу келиши керектигин билет. Чебер устанын жумушунда жардам берүү үчүн атайын аттын далысын чагылдырган шайманы бар.
Жыгач менен иштөө өтө чеберчиликти талап кылган, маанилүү бөлүгү болуп саналат. Мен металл жана булгаары менен иштөөгө көнүп калгам. Калыптарды өзүм жасайм, эми жумуш жеңилдеди. Мурда баары кол менен жасалчу, азыр станокторду колдоно алам. Мисалы, менин электрондук кескичим бар. Ал ийри бөлүктөрдү түздөөгө табылгыс нерсе. Менде мурда жок болчу, баары кол менен жасалчу.

Муфтийдин Букардинов
чебер булгаары устасы
Бул кол өнөрчүлүктүн эң маанилүү бөлүгү — жыгачын кесип, калыбын даярдап алуу болуп саналат. Муфтийдин жыгач конструкцияны бир нече бөлүктөн турат. Алгач ал туурасы 6 сантиметрдей тактайларды алып, аларды бири-бирине чаптап, ашыкчасын кечкич менен тегиздеп, негизги формасы түптөлөт. Устанын айтуусу боюнча бул ыңгайлуу жана ишенимдүү болот. Айрым усталар ээрди бир жыгач туюктан чаап, жасашат, бирок бул оор жана көп убакытты талап кылат.
Ээрлер улуттук жана атчан жоокерлердики болуп экиге бөлүнөт. Алар баасы жана чеберчилиги боюнча айырмаланат. Жоокерлердин ээрлери жарым темирден жасалгандыктан аларды жасоо тез жана жеңил болот.
«Биздин улуттук ээрибиз баалуу, бирок сатып алуучулар аз. Азыр адамдар көбүнчө минүү үчүн эмес, кооздук үчүн сатып алышууда. Аларды боз үйдүн мырзалар бурчуна жасалга катары коюшат. Атүгүл мурдагы маданият министри да менден ээр сатып алган», — дейт уста.
Мен жумушумдан абдан ырахат алам. Ишимди баштап алгандан кийин баардык кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү унутам. Өзүмдү башка бир дүйнөгө сүңгүп кирип кеткендей сезем.

Муфтийдин Букардинов
чебер булгаары устасы
Назарбаевге
жасалган ээр
Муфтийдин Букардинов 40 жылдан ашык убакыттан бери 400гө жакын ат жабдыктарын жасаган. Учурда анын кардарлары негизинен салттуу буюмдарды чогулткан жана баалаган казактар болуп саналат.
Чебер уста буйрутма менен иштейт. Бир нече жыл мурун орусиялык ишкер андан Кавказда жасалгандарга окшош, бирок салттуу кыргыз элементтери менен орто кылымдагы камча жасоону суранышкан.

Мындан тышкары Муфтидин Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жана Пакистандын премьер-министри Беназир Бхутто сыяктуу жогорку кызматтагы аткаминерлер үчүн ат ээрлерин жасаган.
Салт жана
шакирттер:
оймо-чиймедеги
Кыргыз санаты
Бир күнү уста кабылан сымал башы бар ээр жасаган. Бирок белгилүү сүрөтчү ага: «Мындай кылба, бул биздин салт эмес», — деген. Андан кийин Муфтийдин ар кандай оймо-чиймелер менен эксперимент жасоону токтотуп, кыргыздын улуттук баалуулуктарын урматтап, нукура оймолорго өткөн.
«Мен ал кабылан баштуу ээрди саттым. Ал тургай анын көздөрүн да асыл таштан жасагам. Азыр кимдир бирөөнүн текчесинде болсо керек», — дейт ал.
Уста шакиртти менен
Чокморов атындагы лицейде устаттын зергерчилик жана булгаары иштетүү боюнча 20га жакын окуучусу бар. Анын шакирттеринин бири Муса ат жүгөндөрү үчүн оймо үлгүлөрүн жаратып жатат.
Мен ар дайым салттуу оймо-чиймелерге басым жасайм. Окуучуларыма жок дегенде бир же эки ар түрдүү оймо-чиймелерди жасоону үйрөтөм. Азыр бул жагынан абдан чебер болуп калышты. Кийинчерээк алар өздөрүнүн устаканаларын ача алышат же чоңураак устаканаларда эмгектенишет. Учурда зергерчилик тармагы өнүгүп жатат, шаарда 200гө жакын устакана бар.

Муфтийдин Букардинов
чебер булгаары устасы
Кол өнөрчүнүн төрт баласынын ичинен бир гана уулу атасынын жолун жолдоп, учурда Көркөм өнөр академиясында скульптура факультетинде билим алууда. Улуу уулу экономист, бир кызы Юридикалык академияны, экинчиси Педагогикалык институтту бүтүргөн. Муфтийдин келинчеги менен уулдарына сүйүктүү өнөрүн үйрөтүп койгон. Эми алардын ар бири өздөрү каалаган булгаары капчыгын же курун жасай алышат.

Чебер уста жаш кол өнөрчүлөргө салттуу оймо-чиймелерди карманууга кеңеш кылат.
Бул биздин маданиятыбыз. Билериктен же башка нерседен оймо-чиймелерди көргөндө эле, аны кыргыздыкы экенин дароо тааныйсың. Ар бир уста аларды тарта алышы керек. Улуттук оймо-чиймелерди сактап калалы. Алар уникалдуу жана ага теңдеш башка эч жерде жок.

Муфтийдин Букардинов
чебер булгаары устасы
Кабарчы: Салия Хурова
Дизайн жана калыпка салуу: Надежда Хабичевская
Котормочу: Мезгилбек Исатов
Видео: Никита Ященко


© 24.KG маалымат агенттиги
info@24.kg