11:43, 05 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда кызматтык сапарлар үчүн суткалык акынын өлчөмү көбөйтүлөт. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, эми өлкө аймагы боюнча суткалык акы 500 сомдун ордуна 1000 сомду, ал эми Бишкек шаары боюнча 1200 сомду түзөт.
Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.