13:49, 28 ноября 2025, Бишкек - 24.kg
Курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу бүгүн Бишкекте онго жакын бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
Адистердин айтымында, карантиндер балдардын катышуусуна жараша жергиликтүү деңгээлде киргизилип жатат жана он күнгө созулат.
Бала бакчаларды жабуу же окуучуларды онлайн окутууга которуу чечими курч респиратордук вирустук инфекциялардан улам балдардын 20 пайыздан ашыгы сабакка келбей калган учурда кабыл алынат.
Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) күчөгөн мезгилде оорулардын алдын алуу максатында дарыгерлердин кеңеши:
Дарыгерлер шаардагы эпидемиологиялык кырдаал жалпы туруктуу экенин билдиришет. Ошол эле учурда абалдын мындан ары жакшырышы жарандардын жоопкерчиликтүү жүрүм-турумуна түздөн-түз байланыштуу экенин белгилешет.