Президент эмнеге чет элдиктер Кытай-Кыргызстан темир жолун куруп жатканын айтты

16:48, 18 ноября 2025, Бишкек - 24.kg

Фото Интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде чет элдик жумушчулар эмне үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруп жатканын түшүндүрдү.

Ал жергиликтүү жумушчулардын учурда мындай долбоорду куруу тажрыйбасы жетишсиз экенин белгиледи.

«Темир жолду биякка коелу, биздин компаниялар Нарын шаарынын ички жолдорун тыңгылыктуу асфальттай албай койду. Анан биздин компаниялар үчүн тоо тешип, темир жол салабыз дегени күлкүлүү болот. 4 жыл мурда Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы Балыкчы — Барскоон жолун кыргыз компанияларына бергем. Эмдигиче бүтүрө албай жүрүшөт. Бир жолу текшерип барсам, жумушчулар аз. Жумуш жай жүрүп жатыптыр. Эмнеге десем, «Эмгек акы алышкандан кийин ушундай үч-төрт күн жок болуп кетишет» дейт. Мындай кемчилигибизди моюнга алышыбыз керек», -деди президент

Ал эми Ысык-Көлдүн түндүк жагында Корумду — Балбай жолунун курулушун былтыр эле «Чайна-Роуд» компаниясы утуп алып, иш баштады эле. Бир сезондо асфальт басып, бүтүрүп коюшту.

Эгер Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун өзүбүз курабыз десек, анда 30 жылда да бүтпөйбүз.

Садыр Жапаров

 «Биз өзүбүз Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун салып жатабыз. Бирок, бул жол түз жерге салынып жатат. Биздин адистер азырынча бул жолду салууда тажрыйба топтоп, үйрөнүп жатышат.

Мындан сырткары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунда да биздин адистер аралашып иштеп жүрүшөт. «Үйрөнгүлө» деп атайын аралаштырдык, үйрөнүп, тажрыйба топтоп жатышат. Кийин өзүбүздүн адистер пайда болгондо анан «өзүбүз курабыз» деп кыйкырып чыксак жарашат. Азырынча эрте.

Анын үстүнө бизде технология да жетишсиз. Тоо теше турган, тоолордун арасына көпүрөлөрдү сала турган жана башка заманбап техникаларыбыз жокко эсе», -деп жыйынтыктады мамлект башчысы