Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыян 1,3 миллиард сомдон ашты

09:06, 17 ноября 2025, Бишкек - 24.kg

2024-жылы Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдардан келтирилген экономикалык зыян 1,3 миллиард сомдон ашты. Бул маалыматтар Улуттук статистика комитетинин «Кыргыстан Республикасындагы айлана-чөйрө» отчетунда камтылган.

Бул мезгилде ар кандай мүнөздөгү 133 өзгөчө кырдаал катталып, 79 адам каза болгон.

1031 турак жай имараты, 159 жол инфраструктурасынын объектиси жана 126 энергетикалык объект жабыркаган.