Кыргызстандагы 191 мектеп директорунун кызматына сынак жарыяланды

13:19, 13 ноября 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.

Кыргызстан боюнча жалпы 191 бош кызмат орунуна сынак жарыяланды.

Анын ичинен:

  • Бишкек шаары — 9,
  • Ош шаары — 3,
  • Чүй облусу — 26,
  • Нарын облусу — 11,
  • Ош облусу — 46,
  • Баткен облусу — 18,
  • Ысык-Көл облусу — 14,
  • Талас облусу — 6,
  • Жалал-Абад облусу — 58.

Арыздар 2025-жылдын 13-ноябрынан 26-ноябрына чейин кабыл алынат. Аларды аймакка жараша электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз.