Министрлер кабинетинин төрагасы Казакстанга иш сапары менен барат

12:53, 12 ноября 2025, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат.

Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт.

Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.