Бир жумада Кыргызстандын жолдорунда 300дөн ашык мас айдоочу кармалды

12:21, 10 ноября 2025, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, бир жуманын ичинде Кыргызстанда 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, инспекторлор 3-ноябрдан 9-ноябрга чейин 23 654 эреже бузууну аныкташкан.

Анын ичинен:

  • Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 1 878;
  • Мас абалында унаа башкаруу — 309;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 138;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 762;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 256;
  • Авто ээнбаштык −24;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 387;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу — 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары —10 694;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 201 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.