Кыргызстандык спортчу Рамазан Тянгубер Азия жаштар оюндарында алтын медаль алды

10:04, 31 октября 2025, Бишкек - 24.kg

Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Рамазан Тянгубер джиу-джитсу боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Фото Интернеттен алынды. Кыргызстандык спортчу Рамазан Тянгубер Азия жаштар оюндарында алтын медаль алды

Ал 69 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, 1/8 финалда старт алып, Кувейт, Сауд Арабиясы жана Казакстандын өкүлдөрүн төрт жолу катары менен жеңип алды.

Финалда биздин спортчу казакстандык дагы бир атаандашы Рафаэль Орумбаевди жеңип, биринчи орунду ээледи.

Бул алтын медаль Бахрейнде өткөн Азия оюндарында Кыргызстандын биринчи медалы болду.

III Өспүрүмдөр Азия оюндары 22-31-октябрь күндөрү Бахрейн падышалыгынын борбору Манамада өтүп жатат.