14:52, 27 октября 2025, Бишкек - 24.kg
2025-2050-жылдарга карата жаңы Башкы планда бир трамвай депосу менен 45,1 километр трамвай линияларын куруу каралган. 24.kg документти жана ага тиркелген карталарды кылдат карап чыкты.
Анда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн трамвай линиялары эки багытта: түштүк борбордук жана түштүк-батыш-түштүк-чыгыш багытында пландаштырылып жаткан автобекетке туташып, жүрүшү пландаштырылганы айтылат.
Темир жол транспортунун каттамдары Абдрахманов, Горький, Киев, Масалиев, Асаналиев көчөлөрү жана башка көчөлөрдүн бөлүктөрүндө да жүрүшү пландаштырылууда.