Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жаңы «Мундуз ата» эркин күрөш залын ачты

15:22, 23 октября 2025, Бишкек - 24.kg

Нарын шаарында жаңы, заманбап «Мундуз Ата» спорт комплексинин ачылышы болду. Ал жергиликтүү инвестор жана ишкер Айбек Моноловдун каражатына курулган.

Ачылыш аземге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышып, шаар тургундарын маанилүү окуя менен куттуктады.

«Зыяндуу адаттардан сактанган дени сак, билимдүү, ынтымактуу муундарды тарбиялоого заманбап шарттар түзүлдү», — деп белгиледи ал өз сөзүндө.

УКМК басма сөз кызматы. Нарын шаарында жаңы «Мундуз ата» эркин күрөш залын ачылды
Нарын шаардык мэриясынан билдиришкендей, жаңы спорт залы эркин күрөш менен машыгууга база болуп, жаштардын активдүү жашоо образын алып, спорттук чеберчиликтерин өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Комплекс Кыргызстандын келечектеги чемпиондорун өнүктүрүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.