08:01
USD 87.45
EUR 101.24
RUB 1.08

Кыргызстандык Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европа кубогунда коло медаль тагынды

Кыргызстандык Эрлан Шеров Испанияда өткөн дзюдо боюнча Европа кубогунда 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясы социалдык тармактарда билдирди.

90 килограммга чейинки салмак ченинде ал испаниялык спортчуну жеңип, кийин грузин балбанына утулуп калган.

Эрлан Шеров коло байге үчүн кайра беттеште Португалия, Швеция, Германия жана Марокконун өкүлдөрүн жеңип алган.

Эң көп окулган жаңылыктар