Мөңгүдөгү издер. Бишкекте ак илбирс тууралуу мультфильм алгачкы жолу көрсөтүлдү

17:23, 26 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкекте «Илбирс: мөңгүнүн издери» анимациялык тасмасынын бет ачары болду. Премьера тууралуу «NABU Kyrgyzstan» коомдук уюму социалдык тармактарда жарыялады.

Аталган уюмдун каржылык колдоосунда даярдалган мультфильм «Central Asia Film» киностудиясы тарабынан, режиссёр Айбек Дайырбеков тарткан.

Тасманы тартуу иштери жыл башында башталып, тогуз айда бүткөрүлгөн.

NABU Кыргызстан. Бишкекте ак илбирс тууралуу мультфильм көрсөтүлдү
Мультфильмди тартуу идеясынын автору NABU Кыргызстан уюмунун директору Толкунбек Асыкулов, тасманын башкы максаты: жапайы жаныбарлардын арасындагы сейрек кездешүүчү — илбирсти сактап калуу көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу экенин белгилейт.

Мындан сырткары, мультфильмде илбирстердин жашоо чөйрөсүнүн тарып баратышы, мыйзамсыз аңчылык сыяктуу көйгөйлөр камтылып, жаныбарларга гана эмес, аларды коргоо менен алектенген адамдарга да боор ооруу сезимин ойготууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, учурда мультфильм жалпы элге жеткиликтүү кылып көрсөтүүгө даярдоо этабында турат.