11:03, 24 сентября 2025, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-сентябрда жыйынында депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Анар Дубанбаеваны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча токтом кабыл алышты.
65 жаштагы Анар Дубанбаева 2021-жылдан бери БШКнын мүчөсү болуп, президент тарабынан сунушталган.
Депутаттардын көпчүлүгү мөөнөтүнөн мурда бошотууга добуш беришти.