Чемпиондор Лигасы: «Кайрат» — «Реал Мадрид» беттешине билеттер сатылып бүттү

08:40, 24 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Чемпиондор Лигасынын 2-турунун алкагында Казакстандын "Кайрат" менен "Реал Мадрид" командаларынын беттешине билеттердин баары сатылып кеткенин клубдун маалымат кызматы билдирди.

Беттеш 30-сентябрда саат 21:45те Алматы шаарындагы 26 миңден бир аз ашык көрүүчү бата турган борбордук стадиондо өтөт.
Стадионго кирүү саат 18:45те, башталышына 3 саат калганда ачылат. Коопсуздукту үзгүлтүксүз текшерүү жана узун кезектерге жол бербөө үчүн эрте келүү сунушталууда.