Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын ачылыш аземине катышты

08:00, 24 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Дебаттар башталар алдында мамлекет башчысын БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тарабынан тосуп алуу аземи болуп өттү.

Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын ачылыш аземине катышты
Дебаттардын ачылышына дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик сессиясы «Жакшысы — биргелешип аракеттенүү» деген ураан менен ачылды. Бул маарекелик мезгил эл аралык тынчтыкты бекемдөө, туруктуу өнүгүү жана адам укуктарын илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди туюнтат.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.