13:35, 23 сентября 2025, Бишкек - 24.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан тыюу салынган уюмдун лидери, экстремисттик идеологияны жайылтып, жаңы тарапташтарды тартып жүргөн Кыргызстандын жараны 1986-жылы туулган М.К.Н. кармалды.
Ал мурда экстремисттик ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат.
УКМК жарандарды диний-экстремисттик уюмдардын ишин түзүүгө жана катышуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелеринде каралган кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.