10:36, 23 сентября 2025, Бишкек - 24.kg
«Пари Сен-Жермен» жана Франция курама командасынын чабуулчусу Усман Дембеле 2025-жылдагы «Алтын топту» алгандан кийин ыйлап жиберди. Салтанат Париждеги Шатль театрында өтүп, француз футболчусу апасына кайрылып жатып көзүнө жаш алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
2025-жылдагы «Алтын топту» жеңип алды. ПСЖнын чабуулчусу 2024/25-жылкы сезонду мыкты өткөрүп, Луис Энрикенин командасынын негизги оюнчусу болуп, командасы Чемпиондор Лигасын, Лига 1ди жана Франция Кубогун утуп алууга жардам берген.