Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко келди

07:30, 23 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.

Маалымататка ылайык, өлкө башчысынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президенттик Администрация. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко келди
Президент Садыр Жапаровду АКШ Президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 23-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат.

Мындан тышкары БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өтөт.