15:30, 22 сентября 2025, Бишкек - 24.kg
Кара-Балта шаарындагы сейил бактарды жана суу-канализацияны жаңылоодо подрядчик компаниянын директору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат борбору билдирди.
Көрктөндүрүү иштерине бюджеттен бир миллиард сом бөлүнгөн. Аудиттин жүрүшүндө подрядчы «Г.Т.И.» ЖЧКсы анын башкы директору А.Н.А.нын атынан иш жана материалдардын баасын жогорулатып, мамлекетке 27,2 миллион сомдук зыян келтиргени аныкталган.
УКМК мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштерди улантууда