12:31, 22 сентября 2025, Бишкек - 24.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн үчүнчү эл аралык коопсуздук форумуна катышты. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Форумга 60тан ашык өлкөнүн чалгындоо жана коопсуздук органдарынын жетекчилери катышты. Катышуучулар жаңы глобалдык чакырыктардын шартында эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Форумдун жүрүшүндө ал бир нече өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуп, ыкчам кызматташтыкты кеңейтүү, маалымат алмашуу, өнөктөштүктү бекемдөө боюнча келишимдерге кол коюшту.