Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

07:30, 18 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Фото UWW

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынганын UWW сайты билдирди.

76 килограмм салмак ченинде финалда ал Женесис Розангела Валдеске (эквадор) 2:4 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин кыргызстандыктар Түркия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрүн жеңген.

Ал эми Нурзат Нуртаева (72 килограмм салмакта) бүгүн коло медаль үчүн күрөшөт.