13-сентябрга карата аба ырайы

17:22, 12 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 13-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 28...33;

Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 24...29;

Бишкек шаарында түнкүсүн 12...14°, күндүз 28...30° жылуу болот.