ЖК депутаты Үсөн Сыдыковго «Кыргыз эл баатыры» наамын берүүнү суранды

12:28, 10 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты маркум Үсөн Сыдыковго «Кыргыз эл баатыры» наамын берүүнү өтүнөт. Бул тууралуу эл өкүлү Айбек Алтынбеков парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ага бул өтүнүч менен Базар-Коргон районунун жергиликтүү тургундары, аксакалдар кайрылышкан.

«Үсөн Сыдыков арабызда жок болгонуна карабай, анын эмгектери, ал тууралуу эскерүүлөрү унутта элек. Бул билдирүүнү өлкө жетекчилигине жеткирүү мага ыйгарылган. Протоколдук тапшырма берүүңүздөрдү суранам», — деп кошумчалады Айбек Алтынбеков.

Маалымдама:

Үсөн Сыдыков — советтик жана кыргызстандык партиялык жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз ССР КП Ош обкомунун биринчи катчысы (1990-1991), м.а. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси, жетекчиси . (2005-2006). СССР эл депутаты.