Биз Азияга барабыз! Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогуна чыкты

00:48, 10 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн чечүүчү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча (U-23) жаштар курама командасы Шри-Ланка менен ойноп, 6:0 эсебинде жеңишке жетти.

Голдорду Марлен Мурзахматов (2), Кими Мерк, Християн Браузман, Эрбол Абдужапаров жана Саид Дациев киргизди.

Бул жыйынтык менен курама 7 упай топтоп, «E» тайпасында 1-орунду камсыз кылып, 2026-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алды.

Эске салсак, финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Аравия автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү — 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт комада финалдык баскычка жолдомо алышты. Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 7-25-январь күндөрү Сауд Арабиясында өтөт.