11:13, 05 сентября 2025, Бишкек - 24.kg
404 миллион сомдук 12,3 гектар жер тилкеси андагы күнөскана менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок участкасында жайгашкан баасы 404 млн 511 миң сомду түзгөн күнөскана 12,30 га жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.