5-сентябрга карата аба ырайы

18:13, 04 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 5-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 29...34;

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 27...32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 32...37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндуз 22...27;

Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 24...29 градус жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн 12...14°, күндүз 32...34° жылыйт.