Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты бир убакта реконструкцияланат

17:06, 03 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Кытайда энергетика министри Таалайбек Ибраев China National Electric Engineering Co., LTD компаниясынын жетекчиси Ян Вэнхуан менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо боюнча кошумча макулдашууга кол коюлганын КР Энергетика министрлиги билдирди.

Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, ири долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жана «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорунун жүрүшү талкууланды.

2026-жылы калган эки гидроагрегат бир учурда алмаштырылат. Бул ыкма ГЭСтин кубаттуулугун кошумча 18 МВтка жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул кадам өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана электр энергиясына болгон муктаждыкты кыскартуу максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, аталган ГЭСти реконструкциялоо иштери Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүп, жалпы 4 гидроагрегатты жаңылоо каралган. 2024-жылы биринчи гидроагрегат алмаштырылып, кубаттуулугу 45 МВттан 54 МВтка жогорулаган. Экинчи гидроагрегат 2025-жылдын март айында реконструкцияга берилген. Азыркы тапта иштердин 65 пайызы аткарылып, калган бөлүгү улантылып жатат.