USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Ошто колу эт туурагычка кыпчылып калган жигитти ӨКМнин кызматкерлери куткарды

14:07, 02 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 2-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына 2006-жылы туулган Д.М колунан жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык болгон жерге Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.

Жабырлануучу учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика