Опузалап пара алуу. ИИМдин райондук күзөт кызматынын жетекчилери кармалды

11:18, 02 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи Май райондук бөлүмүндө туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Аталган бөлүмдүн айрым жетекчилери көп жылдар бою кол алдындагылардан коммерциялык объектилерде кошумча күзөт кызматын көрсөтүүгө уруксат берүү үчүн акча талап кылып келгени аныкталган.

УКМК басма сөз кызматы. ИИМдин райондук күзөт кызматынын жетекчилери кармалды
Опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 27-августунда КР ИИМдин күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май районунун күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Б.Г. 110 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Ошондой эле бул коррупциялык схемага Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы О.С.С.тин катыштыгы бар экендиги аныкталган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 46 миң АКШ доллары жана 5 млн 890 миң сом акча каражаттары табылып, шектүү алардын келип чыгышын түшүндүрө алган эмес. Ошондой эле 9×17 мм калибриндеги 32 даана эсепке алынбай калган ок-дарылар табылган.

УКМК басма сөз кызматы. ИИМдин райондук күзөт кызматынын жетекчилери кармалды
Мындан тышкары, бөлүмдүн улук инспектору Ч.Б.К. жана взводдун командири М.Э.Т. аталган коррупциялык схемаларга катыштуулугу боюнча шектүү катары кармалышты.

Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.