Кыргызстандын Профессионалдуу футбол лигасына жаңы аткаруучу директор дайындалды

10:05, 02 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Профессионалдуу футбол лигасына жаңы аткаруучу директор дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.

Фото Кыргыз футбол биримдиги

Бул кызматка Улукбек Айдарбеков дайындалды. Ага чейин балдар футбол лигасын жетектеп келген. Жаңы жетекчи көп жылдарын футболду өнүктүрүүгө арнаганы белгиленген.

Буга чейин профессионалдардын аткаруучу директору Канат Асенов болгон.