Аламүдүн районунда жаңы тигүү фабрикасы ачылды

09:19, 02 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында «KG TEX» ЖЧКсынын жаңы тигүү фабрикасы ачылды. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Ишкана жылына 1 миллион даанага чейин продукция чыгарууга эсептелген. Бул жерде 300 жумушчу орун түзүлүп, жалпы инвестициянын көлөмү 170 миллион сомду түздү.

Экономика жана соода министрлиги . Жаңы тигүү фабрика ачылды
Каржылоо «Азербайжан-Кыргыз» өнүктүрүү фондунун жана компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

«Фабриканын ишке кириши облустун өндүрүштүк потенциалын чыңдап, тигүү тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана ата мекендик өндүрүштү колдоо боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө» — деп белгиледи ведомство.