Чыңгыз Токтобеков Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу болуп дайындалды

19:50, 14 августа 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Чыңгыз Токтобеков Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консулу болуп дайындалды. Ал бул кызматта Лира Сыдыкованын ордуна келди.

Фото Интернеттен алынды. Чынгыз Токтобеков

Буга чейин Чыңгыз Токтобеков Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү болуп иштеген. Ал эки тараптуу сооданы, экспортту жана логистиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду көзөмөлдөгөн, Ислам Кызматташтык Уюмунун (COMCEC) ишине катышкан, ошондой эле кыргыз жана түрк компанияларынын, анын ичинде электрондук коммерция тармагында өнөктөштүк мамилелерди орнотууга салым кошкон.