12:48, 14 августа 2025, Бишкек - 24.kg
Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук стадионунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери быйыл башталган.
План боюнча эки кабаттуу административдик имаратта дарыгердин бөлмөсү, конференция залы, футболчулардын кийим алмаштыруу, эс алуу, допинг текшерүү жана машыктыруучунун бөлмөсү каралган. Ал эми футбол аянтчасы эл аралык нормалардын негизинде салынат.
Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү үчүн да бардык шарттар каралат.
Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.