19:07, 11 июля 2025, Бишкек - 24.kg
Эртең, 12-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18 күндүз +28...+33
Талас облусунда түнкүсүн +9...+14 күндүз +27...+32
Баткенде түнкүсүн +14...+19 күндүз +29...+34
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20 күндүз +29...+34
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4...+9 күндүз +19...+24
Нарында түнкүсүн −2...+3 күндүз +6...+11
Бишкекте түнкүсүн 15...17, күндүз 30...32 градус болушу күтүлөт.