18:32, 09 июля 2025, Бишкек - 24.kg
Мурдагы көмүр падышасы Нурлан Мотуев укук коргоо кызматкерлерине карата сөгүнүп, уят сөздөрдү айтканы үчүн 5 суткага камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg агентигине борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Нурлан Мотуев мурунку түнү профилактикалык сүйлөшүү үчүн РИИБге алынып келинип, ал тартип сакчыларын сөгүп баштаган. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлдү.
Бүгүн, 9-июлда Свердлов райондук сотунун чечими менен Нурлан Мотуев 5 суткага камакка алынды.