USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага келди

15:39, 02 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда иш сапары менен Россиянын Москва шаарына келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы маселелерди талкуулашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика