3-июлда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

13:03, 01 июля 2025, Бишкек - 24.kg

3-июлда Бишкектин бир бөлүгүндө саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Суу токтотулган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Алыкулов — Лев Толстой — Лумумбы — Мурманск.

Маалым болгондой, өчүрүү Чайковский көчөсүндөгү 400 миллиметрлик суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу болууда.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.